Кыргызстандын «Барселона» академиясына Ориол Фонт келди. Ал Кыргызстандагы аталган академиянын жаңы техникалык директору, башкы машыктыруучу катары бардык окуу процесстерин уюштуруп көзөмөлдөйт.
Ошондой эле балдарды өзү окута баштайт. Жергиликтүү тренерлер менен тыгыз байланышта болуп, алардын чеберчилигин жогорулатат.
Ориол Фонт Барсанын өкүлү катары академиянын футбол аспектилерин жетектейт жана Барсанын тартибиндей иш алып барып, үзгүлтүксүз жүрүшүн камсыздайт.