7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандын билим берүүсү — Жасалма Интеллект дооруна карай!

31

Кыргызстандын мурдагы билим министри Алмазбек Бейшеналиев Мюнхен шаарында өтүп жаткан 6-чы Эл аралык Билим берүү Технологияларындагы Жасалма Интеллект Конференциясында (AIET 2025) Кыргызстандын билим берүү тармагын тааныштырды. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык баракчасына жарыялады.

Алмазбек Бейшеналиев: AIET — бул 35тен ашуун өлкөдөн, анын ичинде АКШ, Сингапур, Кытай, Франция жана Норвегиядан келген 100дөн ашык илимпоздор жана адистер чогулган аянтча. Конференцияда мен Кыргызстандагы мугалимдер жана окуучулар арасында ЖИ тууралуу маалымдуулукту изилдеген ишимди сунуштадым.

Мекенибизде санариптик трансформация дагы уланууда жана ЖИ боюнча системалуу изилдөөлөр азырынча жок. Ошондуктан өлкөбүздүн мектептериндеги мугалимдер менен окуучулардын ЖИ тууралуу маалымдуулук деңгээлин изилдөөнү туура көрдүм.

Изилдөө көрсөткөндөй, биздин жаш муун — окуучулар — ЖИ тууралуу маалымдар, ал эми мугалимдерди атайын даярдоо жана колдоо абдан зарыл экенин убакыт өзү көрсөтүүдө.

Бул жыйынтыктар билим берүү тармагында терең реформаларга жана технологияларды элге жеткиликтүү кылууга салымын кошот. Анткени билим берүүдөгү ар бир кадам — бул мамлекеттин келечегине жасалган инвестиция.

Президент Садыр Жапаров динамикалык темпте жана системалуу түрдө бардык мамлекеттик башкаруу тармактарына санариптик платформаларды киргизип жатат. Демек, жетекчинин ыкчам аракеттери менен Кыргызстанды Борбор Азиядагы санариптик лидерге айлантуу багытында иштер жүрүүдө. Эми жасалма интеллектке байланыштуу долбоорлор да активдүү ишке ашырылып, билим берүү жана башка тармактарга терең киргизилээринен шек жок.

Мугалим — өлкөнүн келечегин калыптандыруучу инсан. Аларга шарт түзүү, заманбап тенденциялар менен билим берүү инструменттерине жеткирүү — бул ар бирибиздин милдетибиз. Реформалардын ийгилиги негизинен мугалимдерге байланыштуу, анткени алар — өзгөрүүлөрдүн негизги ишке ашыруучулары. Ошондуктан мугалимдерди колдоп, өнүктүрүү абдан маанилүү.

Жасалма интеллектти туура колдонуу менен биз окуу процессин гана эмес, жалпы коомду алдыга сүрөй алабыз. Мекеним дагы дүйнөлүк билим берүү тренддеринен артта калбашы керек — бизде потенциал, демилге жана өз тагдырына кайдыгер карабаган адамдар бар!

Изилдөөмө кызыгуу жаратып, көптөгөн өлкөлөрдөн колдоо тапканыма ыраазымын. Бул — биздин мугалимдер менен окуучулардын күчүн дүйнө таанып жаткандыгынын белгиси.

Сурамжылоого катышкан бардык мекендештериме — мугалимдерге жана окуучуларга — терең ыраазычылык билдирем. Сиздердин колдооңуздар менен Кыргызстандын билим берүү тармагын жаңылоого болгон ишеним күчтүү!

Бирге өзгөртөлү. Бирге өнүгөбүз. Кыргыз билимин бирге колдойлу!

32