7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандын бокс боюнча курамасы Азия чемпионатынан кайтып келди

580

Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасы Азия чемпионатынан кайтып келди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдирди.

Спортчуларды «Манас» эл аралык аэропортунан Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Мелис Тобокелов жана спортчулардын жакындары тосуп алды.

Белгилей кетсек, бокс боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү Таиланддын Чиангмай шаарында өткөн Азия чемпионатында 2 коло медаль жеңген. 60 кг чейинки салмакта Рыспек Бектенов жана 63.5 кг чейинки салмак категориясында Мирзохид Имамназаров 3-орунду ээлешти.

Азия чемпионатына 21 өлкөдөн 210 мушкер катышып, эркектер арасында 13 жана кыз-келиндер арасында 12 медалдар топтому ойнотулду.

Кыргызстандын курама командасы башкы машыктыруучу Данияр Төлөгөн уулу жана улук машыктыруучу Акыйкат Абаевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышты.

581