7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандын бокс боюнча курамасы эл аралык мелдеште 9 медаль жеңди

328

Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү “Belgrade Winner” эл аралык мелдешинде 9 медаль (1 алтын, 2 күмүш, 6 коло) жеңди.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиргендей, мелдеш Сербиянын Белград шаарында өттү.

Алсак, 54 кг чейинки салмакта катышкан Зафарбек Камалов алтын медалга, Элдар Турдубаев (71 кг) жана Бекзат Ысабек уулу (57 кг) күмүш медалга ээ болушту.

Ал эми Бекзат Эргешов (51 кг), Тургунбек Иманкадыров (57 кг), Баяман Азизбек уулу (60 кг), Оомат Белекбаев (63.5 кг), Сыргак Абдыжапар уулу (71 кг) жана Сагын Сатыбалды уулу (80 кг) коло медалга татыды.

Эске салсак, улуттук курама команда машыктыруучулар Улан Сагынбаев жана Темирлан Осмоновдун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от sport.gov.kg (@sport.gov.kg)

329