7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандын эл аралык резерви 7,5 млрд. доллардан ашты

237

Кыргызстандын эл аралык резервдери 2025-жылдын сентябрынын аягына карата 48,5 пайызга көбөйүп, 1-октябрга карата 7,5 млрд доллардан ашты. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, резервдердин өсүшү улуттук экономиканын жана өлкөнүн каржы системасынын туруктуулугунун маанилүү көрсөткүчү болуп саналат.

«Эл аралык резервдерди чыңдоо жана көбөйтүү биздин ишибиздин негизги багыты бойдон калууда. Жетиштүү резервдерди сактоо инвесторлордун ишенимин гана бекемдебестен, мүмкүн болуучу тышкы экономикалык соккуларды минималдаштыруу үчүн тышкы таасирден ишенимдүү коргоочу катары кызмат кылат», — дейт Козубеков.

 

 

 

238