7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандын футболчулары Оман менен тең чыгып, Азия кубогунан четтетилди

622

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы 2023-жылкы Азия Кубогундагы оюндарын жыйынтыктады.

Турнирдин «F» тайпасынын жыйынтыктоочу турунун алкагында Кыргызстан менен Омандын курамалары Абдулла бин Халиф стадионунда оюн өткөрдү.

Оюн 1:1 эсебинде тең чыгуу менен жыйынтыкталды.

Кыргызстандын улуттук курамасынын чабуулчусу Кожо Жоэл экинчи таймдын 80-мүнөтүндө атаандаштардын дарбазасына гол киргизип, оюн эсебин теңеди. Бирок Кыргызстан тайпадан кийинки баскычка чыга алган жок.

Кыргызстан менен Оман курамалары тең чыгуу менен Азия Кубогунун «D» тайпасындагы Индонезияга кийинки баскычка өтүүгө жолдомо «тартуулашты».

623