7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандын курама командасынын дарбазачысы Валерий Кашуба карьерасын аяктады

624

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын дарбазачысы Валерий Кашуба карьерасын аяктады. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен кабарлашты.

Валерий Кашуба улуттук курамада жалпы 24 беттеш өткөрдү. Ал оюнга алгач 2004-жылдын 10-ноябрында Кувейт менен болгон беттеште 62-мүнөттө Жалиловдун ордуна чыккан. Эми Валерий Кашуба толугу менен «Дордой» футболдук клубундагы дарбазачыларга машыктыруучулук кылат.

“Дордойдун” курамында Валерий Кашубанын сыйлыктары:

  • Кыргызстандын алты жолку чемпиону;
  • Кыргызстандын кубогунун төрт жолку жеңүүчүсү;
  • Кыргызстандын Суперкубогунун үч жолку жеңүүчүсү;
  • АФК президентинин кубогунун ээси;
  • Үч жолу Кыргызстандын эң мыкты дарбазачысы деп табылган;
  • АФК президентинин кубогу-2007’нин мыкты оюнчусу.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

625