Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын дарбазачысы Валерий Кашуба карьерасын аяктады. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен кабарлашты.
Валерий Кашуба улуттук курамада жалпы 24 беттеш өткөрдү. Ал оюнга алгач 2004-жылдын 10-ноябрында Кувейт менен болгон беттеште 62-мүнөттө Жалиловдун ордуна чыккан. Эми Валерий Кашуба толугу менен «Дордой» футболдук клубундагы дарбазачыларга машыктыруучулук кылат.
“Дордойдун” курамында Валерий Кашубанын сыйлыктары:
- Кыргызстандын алты жолку чемпиону;
- Кыргызстандын кубогунун төрт жолку жеңүүчүсү;
- Кыргызстандын Суперкубогунун үч жолку жеңүүчүсү;
- АФК президентинин кубогунун ээси;
- Үч жолу Кыргызстандын эң мыкты дарбазачысы деп табылган;
- АФК президентинин кубогу-2007’нин мыкты оюнчусу.