7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өлкөнүн мамлекеттик кызматкерлери Японияга окууга барат

264

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Япония өкмөтүнүн JDS Japan Development Scholarship долбоорунун стипендиаттары, Японияга окууга жөнөп жаткан Кыргызстандын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерин кабыл алды.

Анда төрага Япониянын Кыргызстандагы элчилигине, Япониянын эл аралык кызматташтык агенттигине жана Япон эл аралык кызматташтык борборунун өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирип, эки элдин ортосундагы мамиле дагы да бекемделип жатканын, ошондой эле кызматташтык багыттарынын ичинен JDS долбоору өзгөчө мааниге ээ экенин билдирди.

Белгилүү болгондой быйыл, Кыргызстандын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринен Японияга билим алууга 19 магистратурага, 1 докторантурага жөнөп жатат. Жалпысынан 2006-жылдан бери ишке ашырылып жаткан бул программа аркылуу 327 стипендиат Япониядан билим алып келген.

265