7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандын Олимпиадалык курамасы өлкө футболунун тарыхында жаңы барак ачты

122

Кыргызстандын Олимпиадалык (U-23) курамасы өлкө футболунун тарыхында жаңы барак ачты. 15-ноябрда Манас шаарында өтүп жаткан Эл аралык MANAS CUP 2025 турниринин алкагында биздин жаш ак шумкарлар Ирандын курамасын 2:1 эсебинде жеңди.

Беттештин биринчи бөлүгү 0:0 эсебинде тең чыгуу менен жыйынтыкталган. Экинчи бөлүктө 1:0 эсебинде Ирандындыктар эсеп санын ачып, бирок оюндун акыркы мүнөттөрүндө Марлен Мурзахматов гол киргизип, эсеп санын теңеди. Ал эми, беттешке берилген кошумча мүнөттө Саид Дациев өз дараметин көрсөтүп, ак шумкарлар жеңишти камсыздашты.

Эске салсак, Manas cup 2025 мелдешинин алгачкы беттешинде да олипиадалык курама Бахрейнди 2:1 эсебинде уткан. Учурда турнирдик жадыбалда Оруссия менен Кыргызстан сап башында келе жатат.

Бул эл аралык мелдеш алкагында биздин курама командабыз 2026-жылкы Азия Кубогунун финалдык баскычына даярдык көрөт.

Олимпиадалык курама команда чечүүчү беттешин 18-ноябрь күнү Оруссияга каршы өткөрөт.

123