7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандын жана Монголиянын Президенттери «Рух-Ордо» маданий борборуна барышты

364

Президент Садыр Жапаров жана Монголиянын Президенти Ухнаагийн Хурэлсух мамлекеттик сапардын маданий программасынын алкагында бүгүн, 23-июлда, Чолпон-Ата шаарындагы «Рух-Ордо» маданий борборуна барышты.

“Рух-Ордонун» кире беришинен жогорку даражалуу конокторду маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев тосуп алып, кыскача экскурсия өткөрдү. Ал лидерлерди кыргыз элинин салттуу жашоо мүнөзүнүн элементтери чагылдырылган «Кыргыз айылы» этнокомплекси менен тааныштырды.

Мындан тышкары, гид мамлекет башчыларына Ысык-Көл жээгиндеги ачык асман алдындагы музейдин түзүлүү тарыхы тууралуу айтып берди.

Иш-чаранын соңунда ардактуу коноктор улуттук музыкалык аспаптын формасында жасалган пирсти көрүп чыгышты. Ошол жерде эле сый көрсөтүү иретинде Президент Садыр Жапаров Монголиянын Президенти Ухнаагийн Хурэлсухка комуз белекке берди.

365