7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстанга 21,5 миң тонна жер семирткич алып келинди

330

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, 2026-жылы республиканын айыл чарба тармагына жалпы 182,8 миң тонна жер семирткич талап кылынат.

Анын ичинде:

азоттук жер семирткичтер — 96,2 миң тонна (2026-жылдын жазгы талаа иштерине керектелүүчү көлөм);
фосфордук — 71,5 миң тонна;
калийдик — 15,2 миң тонна.
2026-жылдын 20-январына карата республикага жалпы 21,5 миң тонна минералдык жер семирткичтер ташып келинип, бүгүнкү күндө жеке компаниялардын сатуу кампаларында жалпы 19,2 миң тонна минералдык жер семирткич бар.

Өлкө аймагына кирип жаткан жер семирткичтер (авто жана темир жол) Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин фитосанитардык пункттары аркылуу көзөмөлдөнүүдө.

331