Талас облусунун аймагында коңшу мамлекеттен Кыргызстанга мыйзамсыз ташылып келинген бодо малдар аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, 6-декабрда Талас районунун чек ара тилкесиндеги Көпүрө-Базар айылынын “Агышай” жергесинде Т.Т.А. аттуу жарандын 72 баш бодо малын (музоо, уй) Казакстандан Кыргызстанга мыйзамсыз алып өтүү аракетине бөгөт коюлду.
Учурда бул материал боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталды.