Бүгүн, 23-август саат 13:00дөгү ачык маалыматка ылайык, 2024-2025-окуу жылына карата жогорку окуу жайлар 29 миң 551 абитуриентти кабыл алган.
Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, 5 раунддун жыйынтыгына ылайык, талондорду каттоо боюнча төмөндөгү ЖОЖдор алдыга чыккан:
- Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети – 8240,
- И. Раззаков атындагы КМТУ – 7457,
- ОшМУ – 6369,
- Б.Ельцин атындагы КРСУ – 5414,
- И. Арабаев атындагы КМУ – 4644,
- И. Ахунбаев атындагы КММА – 4420,
- Х. Карасаев атындагы БМУ – 3953,
- «Ала-Тоо» Эл аралык Университети — 2804.
Эң көп тастыктама төмөнкү ЖОЖдорго берилди:
- Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине – 4930 абитуриент,
- ОшМУ – 4009,
- И. Раззаков атындагы КМТУ – 3749,
- И. Арабаев атындагы КМУ – 2349,
- Х. Карасаев атындагы БМУ – 2022,
- Б. Ельцин атындагы КРСУ – 2108,
- И. Ахунбаев атындагы КММА – 1064,
- «Ала-Тоо» Эл аралык Университети — 1004.