“Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасында бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
“Орловка ишканасынын” “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасына откананы капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды жогоруда аталган ишкананын директору Э.К. тарабынан мыйзамсыз пайдалануу фактылары аныкталды.
Жеке материалдык баюу максатында аталган ишкананын директору ЖЧК менен откананы жалпы суммасы 4 млн 900 миң сом болгон оңдоо иштери боюнча жасалма келишим түзгөндүгү аныкталды. Кылмыш иши боюнча иликтөөнүн алкагында аткарылган иштердин актыларында көрсөтүлгөн оңдоп-түзөө иштери “Э.Т.” ЖЧКсы тарабынан жасалбаганы тууралуу маалыматтар алынган, ал эми каражаттар мыйзамсыз эсептен чыгарылып, ишкананын директоруна өткөрүлүп берилген.
19-июлда аталган ишкананын директору кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.