7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кырк жыл мурун башка жүрөк салдырган. Гиннес рекорду жаңырды

574

Нидерландиялык 57 жаштагы Берт Янссен трансплантацияланган жүрөк менен эң узак жашаган адам деп Гиннестин рекорддор китебине катталды. Ал жүрөгүн кырк жыл мурун алмаштырган.

Он жети жашында Янссенден жүрөктүн канды айлантуу жөндөмүнө таасир эткен ооруну — кардиомиопатияны аныкташкан. Доктурлар мындан арылуу үчүн жүрөктү трансплантациялоо керек дешкен. Бирок ал убакта Нидерландияда мындай оор операциялар жасалчу эмес. Ошондо Янссендин доктуру Лондондо жайгашкан жүрөк ооруларына адистешкен Харфилд ооруканасына кайрылган. Бул ишти белгилүү теги египеттик британ хирургу Магди Якуб өз колуна алган.

Трансплантациялоо иштери 1984-жылы 6-июнда жасалган. Андан бир жума өткөндөн кийин 18 жаштагы Янссен ооруканага келген.

Лондондо ага дароо эки донор жүрөк табылган. Алардын бири Янсеннге дал келген. Бейтаптын айтымына караганда, операциядан кийин ал бат эле калыбына келип, ошондон бери толук кандуу өмүр сүргөн. Азыр Янссендин аялы жана эки баласы бар. Ал эми планер менен учуу — хоббилеринин бири.

Янссендин операциясы Харфилдде жүрөк алмаштыруу боюнча жасалган операциялардан жүз жетинчиси болгон. Магди Якуб ушундай операцияны эң биринчи жолу 1980-жылы жасаган. Ошондон бери жүрөктү трансплантациялоо дарыгердин күнүмдүк ишине айланды. Мындай операцияны миңдеген адам башынан өткөрдү. 2022-23 жылдар аралыгында жүрөк трансплантациясын 54 адамга жасалган.

575