7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кышка канча тонна көмүр даярдалаары белгилүү болду

165

Кыргызстанда 2025-2026-жылга ылайык кыш мезгилине мезгилине кызуу даярдык көрүлүүдө. «Кыргызкөмүр» ААКсынын башкы директору Кайрат Маматовдун айтымында, мамлекет көмүрдүн баасын тоннасына 2 миң 460 сом деп бекиткен.

Анын айтымында, бааны Монополияга каршы кызматы белгилеген жана аймактардагы расмий отун базаларында көмүр ушул баада сатылышы керек. Бул чара ортомчулар бааны негизсиз көтөрүүсүнө жол бербөө үчүн көрүлгөн.

Көмүр өндүрүү жана үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн жалгыз “Кыргызкөмүр” ишканасы жооптуу. Катуу отунду сатууну жана керектөөчүлөргө жеткирүүнү көзөмөлдөө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга жүктөлөт. Бирок ишкана бийлик менен биргеликте отун базаларын ачып, анда көмүр белгиленген баада сатылып келет.

Кайрат Маматов ошондой эле Кара-Кече разрезинде жер кыртышын тазалоо иштери уланып жатканын, Ош облусундагы Бешбурхан жана Кожо-Келен аймагындагы жаңы көмүр шахталары көлөмүн кыйла көбөйтүүгө тийиш экенин белгиледи.

Жалпысынан “Кыргызкөмүр” ишканасы көмүр казууга 13 лицензияга ээ, алардын жалпы запасы 618 миллион тоннага бааланган.

166