-
Сасык тумоо, курч респиратордук инфекция оорулары жана башка дарттарга каршы эмдөө алуу;
-
иммунитетти бекемдөө. Туура тамактануу, дене тарбиялык көнүгүүлөрдү жасоо жана жетиштүү эс алуу режимдерин сактоо менен иммунитетти көтөрүңүз;
-
суукта көп жүрбөңүз, суукта калып калбоону ойлонуңуз. Жылуу кийимдерди камдап алыңыз. Теринин кургап кетүүсүн алдын алуу керек;
-
үйдү жылуу кармаңыз. Үйдөгү жылытуу системасын текшерип, анын жакшы иштешин, коопсуз экенин карап чыгуу зарыл;
-
гигиеналык чаралар. Жеке гигиена эрежелерин сактаңыз. Колду бат-баттан жууп, ооруп жаткан адамдардан алысыраак жүрүү керек, эл көп жерлерде бет кап кийүү зарыл;
-
тамактануу жана суу ичүү режими сакталышы керек. Күнүмдүк рациондо түрдүү тамак-аш жана витаминдер жетиштүү болушуна көңүл буруңуз.
Кыш мезгилинде ден-соолукту сактоо үчүн айрым эрежелерди кармануу керек.
Кышка даярдануу үчүн төмөнкү эрежелерди эпидемологдор сунуштайт: