7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кышында электр энергиясын массалык өчүрүү болбой турганы болжолдонууда

169

Кышында Кыргызстанда электр энергиясын массалык өчүрүүлөр болбой турганы болжолдонууда. Бул тууралуу энергетика министринин орун басары Эмилбек Ысманов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Депутаттар Элвира Сурабалдиева менен Дастан Бекешов ведомствонун өкүлүнөн күз-кыш мезгилине карата даярдыктын жүрүшү жана жана электр энергиясын берүүдө мүмкүн болгон өчүрүүлөр тууралуу сурашты.

Ысмановдун айтымында, Энергетика министрлигинин статистикалык маалыматтарына ылайык, келе жаткан кышта электр энергиясын массалык өчүрүүлөр күтүлбөйт.

«Бирок көп нерсе аба ырайынын шарттарынан жана лимитке болгон жүктөмдөн көз каранды. Керектөө кескин өскөн учурда, өзгөчө кечкисин, аргасыз жөнгө салуу чаралары колдонулушу мүмкүн», — деп белгиледи ал.

Ал министрлик жылытуу мезгилин туруктуу өткөрүү үчүн бардык керектүү чараларды көрүп жатканын баса белгиледи.

170