7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кытай архивинен табылган тарыхыбызды кыргыз тилине которуу үчүн мамлекеттен 13 млн сом бөлүндү

857

Кытай архивдеринен 2019-жылы табылган кыргыз элинин байыркы тарыхына таандык архивдик материалдар кыргыз тилине которулат. Бул үчүн президенттин фондунан 13 миллион сом бөлүнөт.

Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев социалдык тармактагы баракчасына билдиргендей, жакынкы арада аталган каражаттар “Мурас” фондунун эсебине которулат.

«2019-жылы Кытай Тарых изилдөө институтунун кызматкерлери бизге Кытай архивдеринен кыргыз элинин байыркы тарыхына таандык архивдик материалдар табылгандыгын, ал маалыматтарга ылайык кыргыз эли жазма тарыхый булактарда б.з.ч. 10-кылымдарда эле кездешкендиги, мамлекет кургандыгы, ал тургай чоң мамлекеттер менен эл аралык мамилелерди жүргүзүп келгендиги тууралуу Кытай тарыхчысы Ю Тайшань өзүнүн эмгектеринде жарыялаганын билдирген», — деди ал.

Султанбаев ошол табылган маалыматтарды которуу иштери ушул мезгилге чейин тиешелүү каражат табылбагандыгына байланыштуу токтоп тургандыгын кошумчалады.

«Мындан улам “Мурас” фондунун башкармалыгынын төрагасы Кыяс Молдокасымов Кытайдан табылган 10 миң бетке жакын архивдик документтерди байыркы кытай тилинен азыркы кытай тилине, андан кыргыз тилине котортууну баштоо үчүн тийиштүү каражаттарды таап, жардам берүү өтүнүчүн келтирип президент Садыр Жапаровдун дарегине кат менен кайрылган.

Табылгалардын тарыхый баалуулугун жана маанилүүлүгүн эске алып, президент Жапаровдун тапшырмасы менен президенттик фонддон 13 миллион сом бөлдүрүп берүү боюнча тиешелүү чечим кабыл алынды», — деди президенттин басма сөз катчысы.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

858