Жогорку Кеңеш Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куруу боюнча мыйзам долбоорун үч окууда жактырды.
«Кыргыз темир жолу» ишканасынын жетекчиси Азамат Сакиев курулуш 6 жылга созуларын билдирди. Анын айтымында, долбоордун баасы 4 млрд 700 млн долларды түзүп, сумманын 50 пайызын Кытай насыя түрүндө бөлмөкчү. Калган сумманы ар бир өлкө биргелешкен ишканадагы үлүшүнө жараша өзү бөлүп бериши керек. Сакиев балким, 30 жылдан кийин бул жол «Кыргыз темир жолу» ишканасынын карамагына өтүп калышы мүмкүн экенин кошумчалады.
Транспорт министринин орун басары кыргызстандыктар үчүн 10 миңдей жумуш орду түзүлөрүн билдирген.
Долбоор тараптардын үч темир жол администрациялары менен биргелешкен долбоордук компанияны түзүү жолу аркылуу КЭӨ (курулуш – эксплуатациялоо – өткөрүп берүү) модели боюнча ишке ашырылаары болжолдонууда.
Талкуу маалында депутат Гуля Кожокулова бул долбоорду ишке ашыруу мөөнөтүн тактап, аны тездетүүгө чакырды. Буга «Кыргыз темир жолу» улуттук компания» мамлекеттик ишканасынын башкы директору Азамат Сакиев долбоор 2024-жылдын октябрында башталарын маалымдады. Депутаттар Дастан Бекешев жана Надира Нарматова Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүү үчүн зор маанисин белгилешти. Эл өкүлү Чыңгыз Айдарбеков темир жолду Кыргызстандын балансына өткөрүү шарттарына токтолду.