Кытайда акыркы күндөрү коронавирустун 39 миң 791 жаңы учуру аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, алардын ичинен 3 миң 709унда оорунун белгилери билинген, 36 миң 82синде белгилери билинбеген учур. Мындан тышкары, бир адам каза болгон.
«Кытайда COVID-19ду жугузуу учурлары 271 миң 159га чейин өсүп, ал эми адам өлүмүнүн саны 5 миң 233кө жеткен. Өлкөдө төрт күн катары менен коронавирус илдетине чалдыгуунун рекорддук саны катталууда»,- деп берилет маалыматта.