7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кытайда өсүмдүктөрдү чаңдаштыруучу робот иштелип чыкты

323

Кытайлык окумуштуулар айыл чарба өсүмдүктөрүн кайчылаш чаңдаштырууга жөндөмдүү, жасалма интеллектке негизделген дүйнөдөгү алгачкы роботту ойлоп табышты. Бул тууралуу Казинформ агенттиги маалымдады.

Маалыматка караганда, GEAIR деп аталган бул робот кайчылаш чаңдаштырууну өз алдынча жүргүзө алат.

Бул ыкма түшүмдүүлүктү жогорулатууга, айыл чарба чыгымдарын азайтууга жана жаңы сортторду тезирээк иштеп чыгууга өбөлгө түзөт.

Долбоорду Кытай илимдер академиясынын Генетика жана өнүгүү биологиясы институту ишке ашырган.

Бул технология буга чейин соя өсүмдүгүндө ийгиликтүү колдонулуп, гибриддик селекцияда Кытайдын атаандаштык жөндөмдүүлүгүн арттырды. Келечекте аны башка айыл чарба өсүмдүктөрүнө да колдонуу пландалууда.

324