7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кытайда жаңы чикунгунья вирусу тарады

243

Кытай өкмөтү чикунгунья вирусунун тарап кетишин алдын алуу үчүн өлкөнүн бардык аймагына COVID-19дагыдай чектөө киргизди. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Кытайдын Фошань шаарында вирустун жети миң учуру катталып, учурда оң миңден ашып кеткен.
Бул вирус аба аркылуу жукпайт, чиркей аркылуу тараган инцекция дене бойду калтыратып, муундарды оорутат. Ал эми оор түрү жүрөк, мээни жабыркаткандыктан инфекциянын өмүргө коркунучтуу экендиги айтылды.

Кытайдын тиешелүү мамлекеттик мекемелеринде дезинфекция иштери жүргүзүлүүдө.

Фошань шаарынан келгендер 14 күндүк карантинге жаткырылып, көзөмөлдөнүүдө.
Ооруларды көзөмөлдөө борборунун маалыматына таянсак, чикунгунья менен жапырт ооруган учур 2025-жылдын башында катталган. Индядагы Реюньон, Майотта жана Маврикий аралдарында көп кездешкен.

2025-жылдын 4-августуна карата алганда быйыл 16 мамлекетте 240 000 учур катталып, 90 адам көз жумган.

244