7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кытайдан 1,25 млн доза Sinofarm вакцинасы келип түштү, айдын аягы даагы келет

719
Бүгүн, 11-июль Кытайдан атайы борт менен коронавирус инфекциясына каршы Sinofarm вакцинасынан 1,25 млн дозасы келип түштү.  Анын ичинен 1 млн 100 миң доза вакцина республикалык бюджеттин эсебинен сатылып алынган, ал эми 150 миң доза кытай тараптан бекер берилген.
Айдын аягында Кытай Sinofarm вакцинасынан даагы  1 млн 250 миң кошумча дозасы келет. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов маалымат берди.
«Мен кыргызстандыктарды вакцина алууга, өз ден-соолугун жана туугандарынын жана жакындарынын ден-соолугун коргоого чакырам. Вакцинация — коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүнүн бирден-бир натыйжалуу жолу. Жарандарды санитардык коопсуздук ченемдерин сактоого — маска кийүүгө, социалдык аралыкты сактоого жана эл көп чогулган жерлерге барбоого чакырабыз»-дейт Марипов.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

720