Бүгүн, 11-июль Кытайдан атайы борт менен коронавирус инфекциясына каршы Sinofarm вакцинасынан 1,25 млн дозасы келип түштү. Анын ичинен 1 млн 100 миң доза вакцина республикалык бюджеттин эсебинен сатылып алынган, ал эми 150 миң доза кытай тараптан бекер берилген.
Айдын аягында Кытай Sinofarm вакцинасынан даагы 1 млн 250 миң кошумча дозасы келет. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов маалымат берди.
«Мен кыргызстандыктарды вакцина алууга, өз ден-соолугун жана туугандарынын жана жакындарынын ден-соолугун коргоого чакырам. Вакцинация — коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүнүн бирден-бир натыйжалуу жолу. Жарандарды санитардык коопсуздук ченемдерин сактоого — маска кийүүгө, социалдык аралыкты сактоого жана эл көп чогулган жерлерге барбоого чакырабыз»-дейт Марипов.