7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кытайдан эң көп насыя алган өлкө АКШ экени белгилүү болду

4

Америкалык изилдөөчүлөр Кытай өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө эле эмес, жогорку кирешелүү өлкөлөргө да насыя берерин жана АКШ кытай насыяларынын эң ири алуучусу экенин аныкташты. Бул тууралуу Казинформ агенттиги америкалык изилдөөлөргө таянып жазды.

АКШдагы Уильям жана Мэри университетинин AidData изилдөө борборунун маалыматына ылайык, 2000–2023-жылдар аралыгында Кытай дүйнөнүн 200дөй өлкөсүнө жалпысынан 2,2 триллион доллар өлчөмүндө насыя жана грант бөлгөн.

Изилдөөнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой, Кытайдан насыя алган эң ири өлкө — АКШ. Мындан тышкары, Кытайдын каржылык колдоосу орто жана жогорку кирешелүү өлкөлөргө багытталып жатканы байкалган.

2000-жылы төмөн жана орто кирешелүү мамлекеттерге берилген насыялар жалпы каржылоонун 88 пайызын түзсө, 2023-жылы бул көрсөткүч 12 пайызга чейин кыскарган. Ошол эле учурда, орто жана жогорку кирешелүү өлкөлөргө берилген каражаттардын үлүшү 24 пайыздан 76 пайызга чейин өскөн.

Мисалы, Улуу Британия Кытайдан 60 миллиард доллар, ал эми Европа Биримдиги 161 миллиард доллар алган. «Бир алкак, бир жол» демилгесинин алкагында каржыланган инфраструктуралык долбоорлор да акыркы жылдары кыскарганы белгиленүүдө.

AidData изилдөө борборунун маалыматына ылайык, Кытай жогорку кирешелүү өлкөлөргө жана АКШга ири көлөмдөгү насыяларды негизинен маанилүү инфраструктуралык жана технологиялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн берип келет.

Аталган борбордун директору жана изилдөөнүн башкы автору Брэд Паркстын айтымында, бай өлкөлөргө берилген насыялардын көбү маанилүү инфраструктураны өнүктүрүүгө, минералдык ресурстарды казып алууга жана жогорку технологиялык активдерди сатып алууга багытталган.

Кытайдын мамлекеттик компаниялары АКШнын дээрлик бардык тармактарында активдүү иш алып барышат.

Алар Техас жана Луизиананын суюлтулган жаратылыш газы долбоорлорун, Түндүк Вирджиниядагы маалымат борборлорун, Нью-Йорктогу Жон Ф. Кеннеди жана Лос-Анжелестеги эл аралык аэропорттордогу терминалдарды каржылап жатышат.

Ошондой эле Matterhorn Express жаратылыш газ кууру жана Dakota Access мунайын кууруну да каржыланган. Мындан тышкары, кытайлык насыя берүүчүлөр Amazon, Verizon, Tesla, General Motors, Ford, Boeing жана Disney сыяктуу ири компанияларына да насыяларын беришкен.

5