Кытайдын экс-президенти Цзян Цземинь 96 жашында каза болду. Бул тууралуу Лента.ру жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, ал лейкоз оорусунан каза болгон. Бүгүн, 30-ноябрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 12:13тө Шанхайда көз жумган.
Эскерте кетсек, Цзэминь 1993-2003-жылдары мамлекет башчысы болуп иштеген. 1926-жылы 17-августта Кытайдын чыгышындагы Цзянсу провинциясында туулган. 1989-жылдын июнь айынан 2002-жылдын ноябрына чейин Борбордук Комитетинин Генералдык катчысы болуп иштеген. 1993-2003-жылдары Кытай Эл Республикасынын төрагасы болуп эмгектенген.