7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кытайдын тышкы иштер министри Кыргызстанга келет

208

Кытайдын тышкы иштер министри Ван И 19-20-ноябрь күндөрү расмий иш сапары менен Кыргызстанга келет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, иш сапардын жүрүшүндө өлкө жетекчилиги менен жолугушуулар, КР ТИМ башчысы менен сүйлөшүүлөр, ошондой эле эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин деңгээлиндеги Стратегиялык диалогдун I жыйынынын өткөрүлүшү жана эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулоо пландаштырылууда.

Сапардын жыйынтыгында эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүүгө багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландалууда.

209