7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыяз Ниязов: «Сураныч үйүңөргө кеткилечи, судьяда айып жок» (ВИДЕО)

483

“Достук” командасынын капитаны Кыяз Ниязов күйөрмандарынын алдына чыгып, судьяда айып жок экенин айтып, алардын үйлөрүнө кетүүсүн суранган.

“Жигиттер, силерден сураныч үйүңөргө кеткилечи. Судьяда айып жок. Бул спорт. Жалал-Абадда биз уттук, бүгүн утулдук. Таза болду оюн. Мындай болуп турат”,- деди ал.

Эскерте кетсек, 31-августта Ошто көк бөрү боюнча президенттин кубогуна болгон оюнду финалда “Ынтымак”командасы жеңди. Беттеш 2:1 эсеби менен жыйынтыкталган.

Бул нерсеге нааразы болгон күйөрмандар калысты айыптап, башаламандык уюштурушкан. Алар оюн талаасына чуркап чыгып, бөтөлкө, таш менен ыргытышкан. Алдын ала маалыматтар боюнча алар калысты сабап салышкан.

Бул окуя боюнча “Ынтымак” жана “Достук” командаларынын оюнчулары элге кайрылуусу жасашты. Анда алар элди бөлүнбөөгө чакырышты.

УКМК башчысы Камчыбек Ташиев кайрылуу жасап, чыр чыгаргандардын ар бири жазасын аларын айтты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

484