7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров: «Мени Пуйолго кайтартып коюшуптур… Э-э-й жигит, кармабай ойно дедим»

1369

Садыр Жапаров 30-август күнү «Барселонанын» мурдагы оюнчулары менен болгон беттеште биринчи таймдын орто ченинде эмнеге талаадан чыгып кеткенин кезектеги  маегинде айтып берди.

Журналист президентке «чарчап калдыңызбы же башка себеби барбы?» деген суроону узаткан.

— Жок, чарчаган жокмун. Эки таймды тең аягына чейин ойносом деле чарчамак эмесмин. Чыгып кеткенимдин себеби мени Пуйолго кайтартып коюшуптур. Оюнду байкасаңар жанымдан чыкпай койду. Анысы аз келгенсип чабуулга өтөөрдө билектен бекем кармап алды. «Э-э-й жигит, кармабай ойно» деп күлүп кайрылсам, «sorry-sorry» (кечиресиз) деп күлүп коёт. Кайра эле кармап алат. Кыскасы Барселонанын балдары жолдоштук беттешүүдө эмес, кадимки чемпионаттарда ойноп жаткандай аябай чоң жоопкерчилик менен ойноп жатышты. Анан элестетиңиз футболдун легендасы болсо, менден 10 жаш кичүү жаш бала болсо мени ойнотмок беле? Ошол үчүн менин ордума жаш балдар кирсин, бир аз да болсо командага күч кошот деген ой менен эле чыгып кеттим да, жаш балдарды киргиздик. Бирок баары бир Барселона деген Барселона да. 3:0 менен утулдук. Дагы жакшы мен тилеп жаттым эле, баскетболдук эсеп менен жеңилбесек экен деп.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1370