7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкектеги мектепте окуучулардан акча чогулткан директор кармалды

567

Кайрадан Бишкектеги мектептин биринин директору окууга кабыл алууда мыйзамсыз акча каражатын талап кылгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Тыюу салууга карабастан, борбордогу мектептердин биринин директору тарабынан окуучуларды кабыл алуу жана которуудан түшкөн каражатты алуу боюнча мыйзамсыз схема уюштурулган.

Ошону менен бирге, алардын аракеттерин мыйзамдаштыруу максатында окуу жайдын администрациясынын катуу талап кылуу сунушу боюнча ыктыярдуу-милдеттүү түрдө демөөрчүлүк жардам иретинде 30 миң сомдон 100 миң сомго чейин акча каражаты депозитке салынган.

Аталган факты боюнча, 30-августта атайын эсепке 40 миң сом өлчөмүндө акча каражаты салынганын тастыктаган документтердин негизинде борбор калаадагы мектептердин биринин директору Т.Ч.Д. кармалып, УКМКнын СИЗОсуна киргизилди.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында зарыл чаралар көрүлүп, бул кылмышка тиешеси бар адамдардын чөйрөсүн аныктоо иштери жүрүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

568