7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыздар эркек балдарга караганда сколиоздон көп жапа чегет

309

Омуртка тутумунун бир капталга карай кыйшайышы — сколиоз, алдыны көздөй кыйшаюусу — лордоз, ал эми кифоз артка кыйшайышын билдирет. Бүгүнкү күндө омуртка тутумунун сколиозу көп кездешет. Буга байланыштуу дарыгерлер ата-энелерди балдардын омуртка тутумунун калыптануусуна өзгөчө маани бериши керектигин белгилешет. Алдыда Республикалык ден соолукту чындоо жана массалык коммуникация борборунун адистеринин пайдалуу кеңештери сунушталат.

Баланын омурткасы кичине кезинен эле туура калыптанышы үчүн:

● уктоосуна шарттарды түзүү: катуу матрас салынган керебетке жаздыксыз жаткыруу;

● бала өз алдынча отурушун күтүү, муну күчтөп жасатпоо керек.

6 айынан баштап 1 жашка чейин жана 5 жаштан 8 жашка чейин баланын активдүү өсүшү жүрөт, ушул мезгил ичинде омуртканын кыйшаюу мүмкүнчүлүгү жогору.

Ушул аралыкта ата-энелер баланы столдун жанында туура отурууну, тулку боюн түз кармоого, дене тарбия көнүгүүлөрүн аткарууга үйрөтүү керек.

Адистердин айтымында, кыздар эркек балдарга караганда сколиоздон көп жапа чегет. Анткени кыздардын сөөгү тез өскөндүктөн омуртка толук калыптанууга жетишпей калат.

Балада сколиоздун бардыгын ата-энелер өз алдынча төмөндөгү белгилер боюнча аныктай алышат:

  • ийиндери жана далылары бирдей деңгээлде жайгашкан эмес;
  • белдин асимметриясы;
  • омуртканын кыйшаюусу;
  • жамбаш сөөгүнүн деформациясы;
  • моюндун формасынын өзгөрүшү;
  • көкүрөк, арка, кабырга, моюн ооруйт;
  • бел булчуңдары талыйт;

Сколиоздун өрчүшүнө алып келүүчү негизги факторлорду билип алыңыз:

  • Кыймыл-аракеттин аз болушу;
  • Партада/столдо туура эмес отуруу;
  • Жүктүн аркага тегиз эмес бөлүштүрүлүүсү (китеп баштыкты бир гана тарабына көтөрүп жүрүү);
  • Булчуң дистрофиясы (булчуңдардын алсыздыгы);
  • Жаракат алуу жана жыгылуу;
  • Бала кездеги гормоналдык өзгөрүүлөр, бул сөөктөрдүн тыгыздыгын бузат.

Сколиоз (омуртканын капталга кыйшаюусу) канчалык эрте аныкталып, талаптагыдай чаралар көрүлсө, натыйжалуу коррекциялоо мүмкүнчүлүктөрү дагы ошончолук жогору. Мындан улам дарыгерге өз убагында кайрылып, анын сунуштарын так, туура аткаруу гана оң натыйжа берет.

310