7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Балдарды каракчыларга салып берип турган кыздар кармалды

630

Бишкекте кыздар социалдык тармактар аркылуу балдар менен таанышып, аларды каракчыларга салып берип турушкан. Бул тууралуу Биринчи май РИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, 29-январда милицияга жаран арызы менен кайрылган. Анда, ошол күнү түнкү саат 02:30 чамасында Темиров көчөсүнөн курч темир буюм менен коркутуп, күч колдонуп, алдыңкы-үстүңкү тишин сындырып, «Айфон Х» маркасындагы телефонун жана 5 миң сом акчасын алып, качып кетишкен.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесине (каракчылык) ылайык кылмыш иши козголгон. Шектүүлөр кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

«Интернет аркылуу эркектер менен таанышып, жолугушуунун убактысын жана ордун дайындашкан. Андан кийин кезек-кезеги менен каракчылык кылган шериктерге кабар берип турушкан. Мыйзамсыз ишке жашы жете электердин тиешеси бар экени аныкталды. Кармалгандардан кылмыш жолу менен алынган уюлдук телефону табылды. Учурда тергөө иштери уланууда»,- деп айтылат билдирүүдө.

631