7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыздарды чет өлкөгө сойкулукка сатууга шектелип 31 жаштагы аял кармалды

760

Чет өлкөлөрдө сексуалдык эксплуатациялоо максатында адамдарды сатуу менен алектенген адамдардын тобунун ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга белгисиз бир жаран (аял киши) алдап, жогорку маяна алуучу жумушка орноштуруу шылтоосу менен жаш кызды Түркияга жибергендиги тууралуу маалымат түшкөн. Кийин чет өлкөгө чыккан жаран адам сатуунун курмандыгы болуп, сексуалдык эксплуатацияга дуушар болгону такталган.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси «Адамдарды соодалоо» боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөө-ыкчам иштеринин жүрүшүндө, шектүү адам Чүй облусунун тургуну экендиги аныкталып, ал жогорку акы төлөнүүчү жумушка убада кылып, Кыргызстандын башка жаранын сексуалдык эксплуатациялоо максатында чет өлкөгө жиберүүгө ниеттенип жаткандыгы тууралуу маалымат алынган.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында кылмышка шектүү катары 1991-жылы туулган Ж.К. (аял киши) кармалган. Анын чет өлкөгө адамдарды сексуалдык кулчулукка сатуу аракетине бөгөт коюлду.

Соттун чечими менен кармалган жаранга камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды. Азыркы учурда адамдарды сатуу фактысы боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

761