7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыздын кийимин кийип тилемчилик кылган 18 жаштагы бала аныкталды

438

Жалал-Абад ШИИБдин жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан кыз келбетин жамынган эркек баланы аныктады. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ал Жалал-Абад шаарындагы жер астынан өтүүчү өтмөктө отуруп, жанындагы колонка аркылуу куран коюп, колуна сүрөт көтөрүп алган. Сүрөткө иниси ооруп жаткандыгын, аны чет өлкөдөн дарылатуу керектигин, бул үчүн акча каражаты жетпегендиктен кайдыгер эмес жарандардын жардам берүүсүн жазып алган.


Милиция кызматкерлери кызча кийинип тилемчилик кылып отурган эркек баланын өздүгүн аныкташты. Ал Ош облусунун, Кара-Суу районунун Нариман айылынын 2002-жылы туулган тургуну экени белгилүү болду. Териштирүү иштеринин жүрүшүндө ал 6 бир тууган экендиги жана эч кандай иниси оорубай тургандыгы такталды.


Балага карата милиция тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жашаган аймагына жөнөтүлдү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

439