7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кызгалдак талаасындагы аялдардын чыры тууралуу милиция эмне дейт? (ВИДЕО)

1021

Социалдык тармактарда аялдардын мушташы тууралуу видео материал боюнча Чүй ОИИБ төмөндөгүлөрдү  билдирди.

Белгилей кетсек, кечээ 9-майда социалдык тармактарда Аламүдүн районунун аймагындагы талаалардын биринде аялдардын ортосундагы чырдашуусу тартылган видео материал жарыяланган.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан бул окуя Теплые Ключи унаа жолунун 18-чакырымында Таш-Мойнок айылына жакын жерде болгондугу, бул жердин ээси 1976-жылы туулган Ж.Т. сурак учурунда анын талаасында мушташкан окуяны кошуналарынан укканын айткан. Ошондой эле видеодогу эркек бул аялдарды тааныбасын билдирген.

Бул факт электрондук маалымат китебине катталган.

«Учурда иштин бардык жагдайларын тактоо максатында бул окуяга тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча бардык зарыл болгон ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары, Аламүдүн районунун ички иштер органдарына ден соолукка залал келтирүү фактысы боюнча эч ким арыз менен кайрыла электигин билдиребиз.

Аталган аймактарда кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын алдын алуу максатында милиция кызматкерлери тарабынан жарандарга мыйзамдуулукту сактоо, дыйкандардын эмгегин сыйлоо боюнча профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө»,-деп берилет билдирүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1022