Жалал-Абадда 18 жаштагы жигитти издөөгө 10 куткаруучу тартылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ 9-майда Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна караштуу Жаңы-Базар айылынын 18 жаштагы Д. уулу Ө. аттуу тургуну үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон.
Бүгүн издөө иштерин жүргүзүү үчүн Чаткал райондук №81 ӨКБдан 3 куткаруучу жана туугандарынан 10 адам тартылган.
Кошумча маалымат берилет.