7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент банк кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

526

Садыр Жапаров бүгүн, 10-майда, банк кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

«Урматтуу банк секторунун кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм!

Өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүүдө банк чөйрөсүнүн ролу чоң.

Акыркы жылдары Кыргыз Республикасынын экономикасы COVID-19 пандемиясынын терс таасирине карабастан өнүгүүсүн улантуу менен, дүйнөдөгү геосаясий жагдайга байланыштуу жаңы тоскоолдуктарга да дуушар болууда.

Глобалдуу саясий жана экономикалык туруксуздук шартында Кыргызстандын финансы-кредит уюмдарынын ишиндеги негизги көрсөткүчтөрдүн бекемдиги жана туруктуулугу жалпы банк секторунун туруктуулугун сактоого шарт түзөт.

Бүгүнкү күндө ар бир жаран үчүн кадимки жана санарип каналдар боюнча финансылык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууда, экономика тармактарын жана калкты өз учурунда каржылоого жөндөмдүү, туруктуу жана ишенимдүү системаны түзүүдө, ички финансылык ресурстарды натыйжалуу мобилизациялоодо жана калктын муктаждыгына жараша банк кызматтарын сунуштоодо банк секторунун өзгөчө ролун белгилеп кетүүгө болот.

Экономиканы колдоого жана калыбына келтирүүгө багытталган кризиске каршы чараларды ишке ашыруунун натыйжасында, кыска мөөнөттүү максат менен катар эле, узак мөөнөттүү экономикалык өсүшкө өбөлгө түзүүчү жигердүү иштерди жүргүзүү зарыл. Экономиканын реалдуу секторун кредиттөөнү улантуу, карыз алуучулар жана аманатчылар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, банк кызматтарынын сапатын жакшыртуу жана инновациялык технологияларды колдонуу аркылуу улуттук төлөм системасын өнүктүрүү банк секторунун милдети болуп саналат.

Учурда жаңы глобалдуу чакырыктарды эске алуу менен жашыл, санарип, креативдүү экономиканы өнүктүрүү, финансы рыногун трансформациялоо жана санарип валютаны киргизүү боюнча жаңы маселелерди чечүү алдында турабыз.

Ошондой эле банк секторунун кызматкерлеринин кесипкөйлүгүнө байланыштуу жана ишке болгон ак ниет, чыгармачыл мамилесинен улам, жарандардын финансылык көз карандысыздыгын жана мамлекеттин туруктуулугун бекемдөө боюнча негизги максаттарды жана милдеттерди ишке ашыра алабыз деп ишенем.

Урматтуу банк чөйрөсүнүн кызматкерлери!

Сиздерди дагы бир жолу кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм!

Сиздерге бекем ден соолук, ишиңиздерге ийгилик жана үй-бүлөлүк бакыт каалайм!»,- дейт президенттин куттуктоосунда.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

527