Россиянын Москва облусунун Дмитров шаарында кыргыз аял киши колдуу болуп каза болгон факты боюнча Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги маалымат берди.
Алынган маалыматка ылайык, каза болгон 1979-жылы туулган А.А.М. жана аны өлтүрүүгө шектелген 1978-жылы туулган Ч.М.А. түбү кыргызстандыктар, алар Россия Федерациясынын жарандыгын алышкан.
“Кыргызстандын Россиядагы элчилиги өз компетенциясынын чегинде маркумдун жакындарына керектүү консулдук жана юридикалык жардам көрсөтүүгө даяр»,-деп берилет мааалыматта.
Эске салсак, 7-августта аял киши колдуу болуп өлтүрүлгөн. Видео соц тармакка тарап, анда Москванын жанындагы Дмитров шаарында аял балдарынын көзүнчө өлтүрүлгөн. Тергөөнүн маалыматы боюнча, буга күйөөсүнүн кызганганы себеп болгон.