7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Кызмат» мамлекеттик мекемесинде кеңешме өткөрүлдү

237

24-январда Президенттин Иш башкармасына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемесинин кызматкерлеринин жана райондук жетекчилеринин арасында түшүндүрүү-алдын алуу иштери жүргүзүлдү.

Аталган иш-чара УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин тапшырмасынын алкагында болуп өттү. Жыйынга калкты каттоо мекемелеринин жетекчилиги, ошондой эле бардык райондук бөлүмдөрдүн башчылары катышты.

УКМК кызматкерлери иш- чаранын катышуучуларына коррупцияга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү мыйзам актыларына киргизилген өзгөртүүлөр, тагыраагы коррупциялык кылмыштарды жасагандар үчүн күчөтүлгөн жоопкерчиликти түшүндүрүштү.

Укук коргоо органдары, анын ичинде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан коррупцияга каршы тынымсыз күрөш жүрүп жатканына карабастан, «ортомчулардын» жардамы менен «Кызмат» мамлекеттик мекемесинин кызматкерлеринин арасында коррупция күчөгөнү байкалууда.

Тактап айтканда, 2020-жылдын октябрынан 2024-жылдын декабрына чейин УКМК тарабынан коррупцияга байланыштуу 58 кылмыш иши козголгон.

Мындан улам, Кылмыш-жаза кодексинин 336, 337, 338, 339, 340, 341, 342, 343, 344, 345, 346, 347, 348-беренелерине ылайык, КР Президентинин иш башкармалыгынын алдындагы «Кызмат» мамлекеттик мекемесинин кызматкерлерине коррупциялык кылмыштар үчүн жазалардын негизги өзгөчөлүктөрү жеткирилди:

1) коррупциялык кылмыштары үчүн соттолгондорго өмүр бою мамлекеттик кызматтарда иштөөгө тыюу салынат;
2) мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштарды жасагандыгы үчүн айыптарды белгилөөчү талаптар алынып салынды;
3) коррупциялык багыттагы оор же өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылган жарандын жакын туугандарын же жубайын/жолдошун мамлекеттик кызматка алуудан баш тартуу;
4) мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштар үчүн күнөөнү моюнга алуу жана материалдык зыяндын ордун толук толтуруу жөнүндө макулдашуу түзүлгөндө адам күнөөлүү деп табылганда статьяда каралган жазанын минималдуу мөөнөтүнүн жарымынан кем эмес мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу түрүндө жаза дайындоо каралган.

Жыйында өлкө жетекчилиги тарабынан 2025-2026-жылдары коррупциялык кылмыштарды толугу менен жок кылуу милдети коюлганы белгиленди. Буга байланыштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемесинин кызматкерлерине коррупциялык аракеттерге же коррупциялык схемаларды уюштурууга жол берилбестиги тууралуу эскертүүлөр берилди.

238