7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кызматкерлерден пара алууга шектелген жетекчилер камакка алынды

667

Кызматкерлерден пара алууга шектелген жетекчилер камакка алынды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, текшерүү жана иликтөөлөрдүн жүрүшүндө ИИМдин Күзѳт кызматынын Таш-Кѳмүр шаардык күзѳт бѳлүмчѳсүнүн начальниги милициянын майору Н.С. жана күзѳт бѳлүмчѳсүнүн взвод командиринин орун басары милициянын прапорщиги С.Т. экѳѳ ѳздүк курамдан системалуу түрдѳ опузалап акчаларын алып жүрүшкөндүгү аныкталган. Таш-Кѳмүр шаардык күзѳт бѳлүмчѳсүнүн бир катар кызматкерлери бул фактыны тастыкташып беришкен.

Аталган факты боюнча  Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси менен (пара алуу) кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталды.

Жалал-Абад облусунун аймагында ыкчам иштерин жүргүзүү учурунда Таш-Кѳмүр шаардык Күзѳт бѳлүмчѳсүнүн начальниги Н.С. жана Таш-Кѳмүр шаардык күзѳт бѳлүмчѳсүнүн взвод командиринин орун басары С.Т. кармалып, ИИМдин Тергѳѳ кызматына жеткирилген.

Алар Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Баш коргоо чарасы жакын арада аныкталат. Аталган факты боюнча козголгон кылмыш ишин ИИМдин тергѳѳ кызматы жүргүзөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

668