7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кызыл-Кыянын кызмат адамдары долбоорго келген акчадан арттырып алышкан

754

Шаардын суу түтүктөрүн жаңылоо долбоорун ишке ашырууда Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын жана “Суу-Канал” МИнын кызмат адамдарынын кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Кызыл-Кыя шаарынын суу менен камсыздоо системасын жаңылоо долбооруна 2017-жылы Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) тарабынан бөлүнгөн жалпы 6 000 000 евро суммасындагы ишти жүзөгө ашырууда сапатсыз аткарылганы жана аткарылган иштердин көлөмү ашыкча бааланган.

Учурда тиешелүү экспертизаларды дайындоо жана тергөө амалдарын жүргүзүү менен келтирилген материалдык чыгымды так аныктоо иштери жүрүп жатат.

Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүмү боюнча кылмыш иши козголду.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

755