Кызыл-Кыянын 18 жаштагы тургуну Лаура Абдукаримова изделүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Абдукаримова Лаура Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында 2003-жылы туулган. Ал ушул жылдын 30-ноябрында саат 23:30 чамасында Сузак районунун Ырыс айыл өкмөтүнүн аймагынан өткөн Бишкек-Ош жолундагы кафелердин биринде чай ичип отуруп, “Азыр келемин” – деп сыртка чыккан бойдон кайтып келген эмес.
Белгилери: бою 160-165 см, өңү ак жүздүү, чачы кара кыска, кашы-көзү кара, арык дене түзүлүштө.
Кийген кийимдери: кара түстөгү кыска күрмө, кара түстөгү спорттук шым, кышкы бут кийимчен болгон.
Лаура тууралуу маалыматы барлар төмөнкү номерлер аркылуу байланышса болот: 102, (03748) 5-02-09, 0558 16-16-91, 0777 80-65-68.