7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кызылкога районундагы атышуудан бир адам каза болуп, бешөө жаракат алды

680

30-октябрь күнү кечинде Атырау облусунун Кызылкога районундагы Сагиз айылында жергиликтүү тургундардын ортосунда атышуу болуп, жыйынтыгында беш киши жаракат алып, бирөө көз жумду.

Облустук саламаттык сактоо башкармалыгынан кабарлашкандай, колунан жеңил жараат алган бир тургун үйүнө чыгарылса, дагы бирөө Макат райондук ооруканасына жеткирилген.

«Дагы үч жабырлануучу түрдүү жаракаттары менен облустук ооруканага жеткирилген, азыр абалдары туруктуу. Травматология бөлүмүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө дарыланып жатышат», – деп билдирди башкармалыктын басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, тургундардын ортосундагы атышууга айылдын эки башка бөлүгүндө жашаган өспүрүмдөрдүн чырдашуусу себеп болгон. Учурда «Кылмышка даярдануу жана адам өлтүрүүгө аракет кылуу» беренеси боюнча сотко чейинки тергөө иштери жүрүүдө.

Полициядан атышуу Атырау — Актөбө трассасынын 331-чакырымында болуп, беш киши октон жаракат алганын, дагы бирөөнүн колу сынганын билдиришти. Сагиз айылындагы ооруканага жеткирилген 1985-жылкы тургун алган жараатынан каза болуп калган.

Былтыр июль айында да Сагиз айылында жапырт мушташ катталып, жыйынтыгында 27 жаштагы тургун бычактан алган жараатынан улам көз жумган. Анда бул кылмышка айыпталган киши 11 жылга соттолгон.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

681