Эртең, 1-ноябрдан баштап Бишкек шаарындагы маршруттук таксилердин жол акысы 15 сом болот.
Эске сала кетсек, маршруттук каттамдын жол акысын 10 сомдон 15 сомго көтөрүү боюнча мэриянын сунушун шаардык кеңеш 28-сентябрда карап, көпчүлүк добуш менен кабыл алган.
Ал эми троллейбус, автобустардын жол акысы 11 сомго көтөрүлөт. Ошол эле учурда пенсионерлер, майыптар үчүн жол кире эртең мененки 8:00дөн кечки 21:00гө чейин маршруттук кичи автобустарга 8 сом, автобус, троллейбустар мурункудай эле акысыз болот.
Окуучулар чоң жүргүнчүлөр сыяктуу эле төлөйт, болгону 7 жашка чейинки балдардан акы алынбайт.