Бишкектин криминалдык милиция кызматы адамды уурдап, каракчылык кылган 2 жаранды кармады. Бул тууралуу Бишкек ШИИБинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 12-сентябрда М.М. аттуу жаран милицияга кайрылып, тонолгондугу боюнча арыз жазган.
Ал 12-сентябрга караган түнү, саат 3:00 чамасында Чортеков жана Күйүкова көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз жарандар «Айфон 12» үлгүсүндөгү уюлдук телефонун күч менен тартып алып, өзүн унаага салып шаар сыртындагы бейит тарапка алып барганын, ал жерден качып кутулганын жазган.
Бул факт боюнча Ленин РИИБинде катталып, сотко чейинки өндүрүштө кылмышка шектүү катары 1999-жылы туулган А.Н. 1997-жылы туулган К.Б. аттуу жарандар колго түшкөн.
Бишкек шаардык соту шектүүлөрдүн баш коргоо чарасын карап, 2 ай СИЗО-1де кармалаарын чечим кылган.
Учурда шектүүлөрдүн башка кылмыштарга да тиешеси бар же жогу иликтенүүдө.