Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына аттанган алты талапкер шайлоого катышуудан баш тарты. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.
Алар:
- Канатбек Исаев (Чүй-Кемин шайлоо округу №31),
- Бакыт Кыдыралиев (Талас шайлоо округу №21),
- Жаманкул Галдыбаев (Алай шайлоо округу №11),
- Абдисами Каримбеков (Алай шайлоо округу №11),
- Айбек Алыбаев (Токтогул шайлоо округу №19),
- Айнуру Алтыбаева (Ош шайлоо округу №7).
Белгилей кетсек Айнуру Алтыбаева Жогорку Кеңештин депутаты, 2020-жылы жыйынтыгы жокко чыккан шайлоодо «Биримдик» партиясынан талапкер болуп, Кара-Суу районунан жакшы добушка болгон.
Канат Исаев Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, төрага болуп да иштеген. Бул ирет өзү бир мандаттуу округдан ал эми аялы «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы менен аттанган. Бул тууралуу бизден атайын макала да жарыяланган эле.