7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өлүм жазасын алып салууга салым кошкон Тамара Чикунова көз жумду

908

Кечээ, 31-мартта белгилүү укук коргоочу Тамара Чикунова көз жумду. Бул тууралуу анын Facebook баракчасына анын достору билдиришти.

Белгилей кетсек, укук коргоочу Өзбекстанда жана башка Борбор Азия өлкөлөрүндө өлүм жазасын алып салууга салым кошкон. Анын өзүнүн уулу өлүм жазасына тартылып, өлүмдөн кийин акталган.

«Биздин кымбаттуу курбубуз Чикунова Тамара Ивановна дүйнөдөн кайтты. «Энелер өлүм жазасына жана кыйноолорго каршы» уюмунун негиздөөчүсү, Өзбекстанда адилетсиз түрдө өлүм жазасына тартылган баланын апасы, Өзбекстанда жана аймактын башка өлкөлөрүндө ондогон өлүм жазаларын кыйратууга жана өлүм жазасын алып салууга жетишкен. Ал мүмкүн эмес деп эч качан артка чегинген жок жана баардыгы үчүн акырына чейин күрөштү. Ошондой эле көптөгөн адамды өлум жазасынан сактап кала алды. Ага эң кымбат адамы — уулун андан тартып алгандарды кечире алды. Тамара «максаттуу» жана «тутумдуу» иштеп, бир катар өлкөлөрдө мыйзамдык өзгөрүүлөргө жана өлүм жазасын алып салууга жетишти», — деп жазылат эскерүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

909