Россиянын Ленинград облусунда Мурманск шаарынын 15 жаштагы тургунун зордуктоого шектүү катары 31 жаштагы Кыргызстандык жаран кармалды. Бул тууралуу hibiny.com сайты кабарлады.
Маалыматта жазылгандай, шектүү 10 күндөн ашык изделип, Мурманскте аны кармоо үчүн «Басып алуу» планы уюштурулган.
Бирок кылмышка шектүү аймактын тышкары чыгып кетүүгө үлгүргөн. Издөөнүн жүрүшүндө Ленинград облусундагы Лугага жакын жерде кармалган.